Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры №13
Ноокат шаарынын Кара-Турпак аймагынын Тапвалдиев атындагы көчөсүнө КТП орнотуу жана Т.Камалов атындагы көчөсүнө электр мамычаларын сатып алуу үчүн акча каражаттарын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Кара-Турпак аймагынын Тапвалдиев атындагы көчөсүнө КТП орнотуу жана Т.Камалов атындагы көчөсүнө электр мамычаларын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен:
-Ноокат шаарынын Кара-Турпак аймагынын Тапвалдиев атындагы көчөсүнө 400 Квт КТП орнотуу үчүн 400 000 (төрт жүз миң) сом;
-Т.Камалов атындагы көчөсүнө 10 даана электр мамычаларын сатып алуу үчүн 110 000 (бир жүз он миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |