Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 08-июну № 1
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы А.Т. Имамовду Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагалыгынан бошотуу жѳнүндѳгү арызы жана айыл кеңешине төрага шайлоо туралу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы А.Т. Имамовду Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагалыгынан бошотуу жѳнүндѳгү жазган арызынын негизинде жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 2020-жылдын 8-июнундагы протоколун карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндѳгү” жана Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жѳнүндѳгү” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы А.Т. Имамовдун Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагалыгынан бошотуу жѳнүндѳгү арызынын негизинде 2020-жылдын 8- июнунан баштап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы кызматынан бошотулсун.
2. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы болуп Номан уулу Хасанжан шайлансын.
3. Ушул токтомдун бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин
төрагасынын орун басары К. Саттаров