Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-июну № 3
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебине жалпы билим берүүчү орто мектеп макамын берүүгө макулдугу туралуу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин педагогикалык Кеңешмесинин кезектен тышкары отурумунун 2020-жылдын 5-июнундагы №6-протоколунун жана Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин ата-энелер комитетинин 2020-жылдын 29-майындагы №4-протокол токтомдорун карап чыгып,Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебине кошумча 16 класс бөлмөлүу 230 окуучуга ылайыкташтырылган жаңы кошумча имарат курулуп бүткөндүгүн карап чыгып, талкуулап,бул мектепти жалпы билим берүүчү орто мектеп деп өзгөртүүгө мүмкунчүлүк жаралгандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнун Жандама айылындагы Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин педагогикалык Кеңешмесинин кезектен тышкары отурумунун 2020-жылдын 5-июнундагы №6 Протоколунун жана Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин ата-энелер комитетинин 2020-жылдын 29-майындагы №4-протокол токтомдорун негизинде Н.Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебине жалпы билим берүүчү орто мектеп макамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Ноокат райондук администрациясына жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнө ушул токтомду бекитип берүү жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл кеңешинин элге билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, миграция, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |