ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык
Кеңешинин (6-чакырылышынын) № 34-кезектеги сессиясы
2020-жылдын 26-июну №4
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Айылдык Кеңеш курамындагы өзгөрүүлөр боюнча макулдугу туралуу жөнүндө
Номан уулу Хасанжон Жаңы-Ноокат айыл кеңешинин төрагасы болгондугуна байланыштуу айылдык кеңеш курамын өзгөртүүгө туура келет, Номан уулу Хасанжон “Экономика,бюджет жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясын мүчөсү болгон, айылдык кеңештин төрагасы болгондугуна байланыштуу комиссия курамыдан чыгарылат. “Экономика,бюджет жана ишкердүүлүк” комиссиясы тарабынан А.Абдусаломов сунуш кылынат, Номан уулу Хасанжон “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринин аукционун өткөрүү” боюнча комиссиянын төрагасы болгон, айылдык кеңештин төрагасы болгондугуна байланыштуу комиссия төрагалыгынан чыгарылат, “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринин аукционун өткөрүү” боюнча комиссиянын төрагасы болуп А.Артиков сунуш кылынат. Айылдык кеңеш депутаттарынын жогоруда айтылган айыл кеңешинин курамындагы өзгөрүүлөрдү колдогондуктарынын негизинде “Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика,бюджет жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү катары А.Абдусаломов дайындалсын.
2. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринин аукционун өткөрүү” боюнча комиссиясынын төрагасы катары А.Артиков дайындалсын.
Жаңы-Ноокат айылдык
кеңешинин төрагасы Номан уулу Х.