Редакцияот 26.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык

Кеңешинин (6-чакырылышынын) № 34-кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 26-июну №5

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Дөң-Кыштак” айылында жайгашкан Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасынын 0,92 га жер аянтынан “Шакар-Кыштак” таза суу ишканасы үчүн 0,03 га жер аянты ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Дөн-Кыштак” айылындагы “Шакар-Кыштак” таза суу ишканасы тарабынан таза суу скважинасына суу сактагыч курулмасын куруу,бактериоцит курулмасын куруу жана башка чарбалык иштери үчүн Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Дөң-Кыштак” айылында жайгашкан Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасынын 0,92 га жер аянтынан “Шакар-Кыштак” таза суу ишканасы үчүн 0,03 га жер аянты ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, бул ишканага 0,03 га жер аянты ажыратып берүү максатында “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Дөң-Кыштак” айылында жайгашкан Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасынын 0,92 га жер аянтынан “Шакар-Кыштак” таза суу ишканасы үчүн 0,03 га жер аянты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин элге билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, миграция, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Номан уулу Х