Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-июну № 6
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинен Шакар-Кыштак көчөсүнүн асфальт жолуна бөлүнгөн 1000000 (бир миллион)сом акча каражатынан Токтогул атындагы мектеп-интернатына жаңы ички заманбап ажаткана куруу максатында 150 000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын ажыратып,706-бөлүмдүн 31113120-статьясынан 150 000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын 70491-бөлүмүнүн 22211100-статьясына өзгөртүүгө макулдугун берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан Коронавирус (covid19) пандемиясын алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында,Токтогул атындагы мектеп-интернатын ажатканасы талапка жооп бербейт жана бейтаптарга ыңгайсыз абал туудуруп жатканын карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинен Шакар-Кыштак көчөсүнүн асфальт жолуна бөлүнгөн 1000000 (бир миллион) сом акча каражатынан Токтогул атындагы мектеп-интернатына жаңы ички заманбап ажаткана куруу максатында 150 000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын ажыратып,706-бөлүмдүн 31113120-статьясынан 150 000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын 70491-бөлүмүнүн 22211100-статьясына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинен Шакар-Кыштак көчөсүнүн асфальт жолуна бөлүнгөн 1000000 (бир миллион)сом акча каражатынан Токтогул атындагы мектеп-интернатына жаңы ички заманбап ажаткана куруу максатында 150 000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын ажыратып,706-бөлүмдүн 31113120-статьясынан 150 000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын 70491-бөлүмүнүн 22211100-статьясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн статьяларын өзгөртүү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовго жүктөлсүн
3. Токтогул атындагы мектеп-интернатына жаңы заманбап ички ажаткана куруу үчүн керектелүүчү каражаттарды бөлүп берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин элге билим берүү,спорт, туризм,миграция , жаштар саясаты жана саламаттыкты сактоо комиссиясы менен экономика,бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х. |