Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-июну № 7
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинен Шакар-Кыштак көчөсүнүн асфальт жолуна бөлүнгөн 1000000 (бир миллион) сом акча каражатынан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Дөң-Кыштак” айылында жайгашкан Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасына жаңы ички заманбап ажаткана куруу максатында 150000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын ажыратып, 706-бөлүмдүн 31113120-статьясынан 150000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын 70491-бөлүмүнүн 22211100-статьясына өзгөртүүгө макулдугун берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан Коронавирус (covid19) пандемиясын алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында,айылдык оорукананын ажатканасы талапка жооп бербейт жана бейтаптарга ыңгайсыз абал туудуруп жатканын карап чыгып, талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинен Шакар-Кыштак көчөсүнүн асфальт жолуна бөлүнгөн 1000000 (бир миллион) сом акча каражатынан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Дөң-Кыштак” айылында жайгашкан Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасына жаңы ички заманбап ажаткана куруу максатында 150000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын ажыратып, 706-бөлүмдүн 31113120-статьясынан 150000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражатын 70491-бөлүмүнүн 22211100-статьясына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинен Шакар-Кыштак көчөсүнүн асфальт жолуна бөлүнгөн 1000000 (бир миллион) сом акча каражатынан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Дөң-Кыштак” айылында жайгашкан Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасына жаңы ички заманбап ажаткана куруу максатында 150000 (бир жүз эллү мың) сом акча каражаты ажыратып, 706-бөлүмдүн 31113120-статьясынан 150000 (бир жуз эллү мың) сом акча каражатын 70491-бөлүмүнүн 22211100-статьясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн статьяларын өзгөртүү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовго жүктөлсүн.
3. Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасына жаңы заманбап ички ажаткана куруу үчүн керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин элге билим берүу,спорт, туризм,миграция, жаштар саясаты жана саламаттыкты сактоо комиссиясы менен экономика,бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |