Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-июну №8
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын 2013-жыл 25-декабрындагы №707-токтомунун жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жыл 16-июнундагы №284-285-сунушунун негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Катта-Тал” айылындагы тамаркага ажыратылган ар бир чектин ичинде жайгашкан мөмөлүү дарактарды 50% тын жаңы үй-бүлөлөргө жардам катары бекерге, калган 50% тын караган багбанга берүүгө жана жол үчүн ажыратылган 3,08 га жер аянтында жайгашкан мөмөлүү дарактарды алып салууга макулдугу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын 2013-жыл 25-декабрындагы №707-токтомунун жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн №284-285-сунушунун негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Катта-Тал” айылындагы тамаркага ажыратылган ар бир чектин ичинде жайгашкан мөмөлүү дарактарды 50% тын жаңы үй-бүлөлөргө жардам катары бекерге, калган 50% тын караган багбанга берүү жана жол үчүн ажыратылган 3,08 га жер аянтында жол үчүн ажыратылган мөмөлүү дарактарды алып салуу боюнча сунушун карап чыгып, мөмөлүү дарактарды диаметри 0,03 метрден 0.35 метрге чейин өлчөмүндөлүгүн аныкталып чыгып: 0.03метрден 0.10 метрге чейинки дарактарга бир түбүнө 200сом, 0.10 метрден 0.20 метрге чейинки дарактарга бир түбүнө 300 сом жана 0.20 метрден 0.35 метрге чейинки дарактарга бир түбүнө 500 сомдон нарк белгиленгендигин карап чыгып жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү жана “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жыл 25-декабрындагы №707-токтомунун жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн №284-285-сунушунун негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Катта-Тал” айылындагы тамаркага ажыратылган жерлердеги ар бир чектин ичинде жайгашкан мөмөлүү дарактарды 50% тын жаңы үй-бүлөлөргө жардам катары бекерге, калган 50% тын бакты караган багбанга берүүгө жана жол үчун ажыратылган 3,08га жер аянтында жайгашкан мөмөлүү дарактарды алып салууга макулдук берилсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Катта-Тал” айылындагы тамаркага ажыратылган ар бир чектин ичиндеги мөмөлүү дарактардын диаметри 0.03 метрден 0.10 метрге чейинки дарактарга бир түбүнө 200сом, 0.10 метрден 0.20 метрге чейинки дарактарга бир түбүнө 300 сом жана 0.20 метрден 0.35 метрге чейинки дарактарга бир түбүнө 500 сомдон нарк белгиленсин.
3. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн берген актында көрсөтүлгөн 74 түп жаңак даракты “Кызыл китеп”ке киргизилгендигине байланыштуу кесүүгө тыюуу салынат,эгерде жол тилкесине туура келип калса башка жайга көчүрүү шарты менен токтом кабыл алынат.
4. Дарактарды кесүүдө Ноокат райондук экология жана жаратылышты коргоо бөлүмү менен макулдашылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылыши Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын козөмолдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин экономика,бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х. |