Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-июлу №1
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Коронавирус (covid19) пандемиясын алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залында 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштуруу боюнча 2020-жылкы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан Коронавирус (covid19) пандемиясын алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына бейтаптарды жаткыруу үчүн бардык шарттары менен 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштуруп берүү максатында 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинин 701-бөлүмүнүн 2211-статьясынан 150000сом акча каражатын,706-бөлүмүнүн 2221-статьясынан 150000 сом акча каражатын,706-бөлүмүнүн 3111-статьясынан 600000сом акча каражатын,70825-бөлүмүнүн 2215-статьясынан 260000 сом акча каражатын,70911-бөлүмүнүн 2111-статясынан 30000 сом акча каражатын, 70921-бөлүмүнүн 2215-статьясынан 550000 сом акча каражатын, бардыгы болуп 1740000 (бир миллион жети жүз кырк мың) сом акча каражаттан 70221-бөлүмүнүн 2215-статьясына 350000 сом, 70491- бөлүмүнүн 2221-статьясына 1390000 сом акча каражатын өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан Коронавирус (covid19) пандемиясын алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына бейтаптарды жаткыруу үчүн 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштуруп берүү максатында 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинин 701-бөлүмүнүн 2211-статьясынан 150000сом акча каражатын,706-бөлүмүнүн 2221-статьясынан 150000 сом акча каражатын,706-бөлүмүнүн 3111-статьясынан 600000сом акча каражатын,70825-бөлүмүнүн 2215-статьясынан 260000 сом акча каражатын,70911-бөлүмүнүн 2111-статясынан 30000 сом акча каражатын, 70921-бөлүмүнүн 2215-статьясынан 550000 сом акча каражатын, бардыгы болуп 1740000 (бир миллион жети жүз кырк мың) сом акча каражаттан 70221-бөлүмүнүн 2215-статьясына 350000 сом, 70491-бөлүмүнү 2221-статьясына 1390000 сом акча каражатын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн статьяларын өзгөртүү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовго жүктөлсүн.
3. Мирзо Улугбек атындагы орто мектебине 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштуруу үчүн керектелүүчү каражаттарды бөлүп берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин элге билим берүү,спорт, туризм,миграция , жаштар саясаты жана саламаттыкты сактоо комиссиясы менен экономика,бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х. |