Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-июлу №2
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Коронавирус (covid19) пандемиясын алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштурууга макулдугу туралуу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн өзгөчө абал мезгилинде коронавирус (covid19) пандемиясы менен ооругандарга жана ооруган адамдар менен мамиледе болгондорго медициналык жардам көрсөтүү максатында медицина кызматкерлери менен макулдашылып Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Дөң-Кыштак” айылында жайгашкан Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына 50 орундуу бардык шарттары менен күндузгү дарылануу жайын уюштурууну карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Коронавирус (covid19) пандемиясын алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштурууга макулдук берилсин.
2. Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштурууну көзөмөлдөө үчүн төмөнкү курамдагы комиссия түзүлсүн.
Комиссиянын төрагасы:
Сатторов М. Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Абдусаломов А. Дөң-Кыштак айылынын депутаты
-Махмудов М. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
-Абдукодиров Т. Жандама айылынын депутаты
-Абдулкосимов М. ҮДТ 12-нын үй-бүлөлүк дарыгери
-Мирзаякубов Х. Көчө комитети
-Козибоев Ю. Өкмөт адиси
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет жана ишкердүүлүк; элге билим берүү,спорт,саламаттыкты сактоо,туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |