Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-июлу №3
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы 60 орундуу “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемесин пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы 60 орундуу “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемеси уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү мекемесине керектелүүчү материалдар менен камсыздоо, тамак-аш, балдар бакчасын штаттык бирдиги,эмгек акы маселелери көрүлүп,жамааттар тарабынан чечим кабыл алынган. Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып, айыл аймагынын Катта-Тал айылында 60 орундуу “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемеси туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылынын тургундарынын демилгеси менен айыл тургуну Абдирахимова Угулойдын жеке менчик “Маданият” үйүнүн бир бөлүгүндө 60 орундуу “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемеси уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү мекемесине керектелүүчү материалдар менен камсыздоо, тамак-аш, балдар бакчасын штаттык бирдиги,эмгек акы маселелери көрүлүп,жамааттар тарабынан чечим кабыл алынган. Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып, айыл аймагынын Катта-Тал айылында 60 орундуу “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемесин пайдаланууга макулдук берилсин.
2. “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемеси уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү мекемесине материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу үчүн керектелүүчү каражаттар менен камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму”нун мекемеси мамлекеттик бюджет эсебинен айлык эмгек акылары төлөп берүү боюнча тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика,бюджет жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х. |