Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-сентябры № 18
Прогресс айылындагы Бишкек-Ош автожолунун 610, 4 км аралыкка түнкү жарыктандыруу коюуу жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезексиз XV сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы Бишкек-Ош автожолунун 610, 4 км аралыкка түнкү жарыктандыруу коюуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн райондук ИИБдин ЖКККБнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 32-642 сандуу маалыматында көрсөтүлгөндөй « Акылдуу шаар » долбоорунун « Коопсуз шаар» компонентинин 2-баскычын ишке ашыруу максатында жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктоочу сүрөт жана тасма тартуучу аппараттык программалык комплекстерин Өзгөн районунун көчө жолдорунун негизги, орчундуу жерлерине орнотуу боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгынын актысынын негизинде Прогресс айылынын Бишкек-Ош автожолунун 610, 4 кмдеги 1,0 км аралыкка түнкү жол чырактарын орнотууга макулдук берилсин.
2.“ Мамкаттоонун” Өзгөн райондук башкармасынан бекитилип берилген токтомду каттоону жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Акназаров |