Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-декабры №20
2019- жыл ичинде участкалык инспектордун жана өспүрүмдөр боюнча инспектордун аткарган иштери жөнүндө
Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) кезектүү XVI- сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу аймактык участкалык инспекторлор Турдукеев Шабдан жана Муратов Орозбайдын 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 12.12.2019-жылы берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жыл ичинде Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу аймактык участкалык инспекторлордун (Турдукеев Шабдан, Муратов Орозбай) аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Акназаров |