Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-январы № 1
Жылалды айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш- планын бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) кезектеги XVII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык Кеңешинин 2020- жылга карата иш- пландын долбоору боюнча жооптуу катчы Р. Маматованын 15.01.2020-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылдык Кеңешинин 2020- жылга карата иш- планы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык
Кеңешинин төрагасы: М. Акназаров
Жылалды айылдык Кеңешинин 2020- жылга карата түзүлгөн
ИШ- ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | 1. Айылдык Кенешинин иш- планын бекитүү 2. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы. 3. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга карата бюджетин бекитүү. | 1- квартал | Р. Абдуллаев М.Матраимов Туруктуу комиссия
|
2 |
1. Билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчасынын 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы. 3. Салыктардын аткарылышы, КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө |
2-квартал |
Соц. адис Туруктуу комиссия
Айыл башчылар Туруктуу комиссия
жер. адис Туруктуу комиссия
|
3 | 1. 2020- жыл “ Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы ” деп жарыялангандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде аткарган иши жана 2020-жылга карата бекитилген бюджеттин аткарылышы боюнча 2. Кышка карата даярдыктар боюнча.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал
| Туруктуу комиссия ФЭБ бөлүмү
Туруктуу комиссия Айыл башчылар
Туруктуу комиссия Айыл башчылар
|
4 |
1. Участкалык инспектор жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иштери жөнүндө
2. СВА, ФАП, ПОЧТА бөлүмдөрүнүн 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча
3. Маданият үйүнүн жана балдар бакчасынын жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
|
4- квартал |
Туруктуу комиссия Аймактык инспекторлор
Туруктуу комиссия Соц.адис
Туруктуу комиссия Соц.адис
|
Төрага | М.Акназаров |