Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-январы № 4
Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) кезектүү XVII- сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасынын жоктугуна байланыштуу авто унаа алуу жөнүндө
Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) кезектүү XVII- сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасынын жоктугуна байланыштуу авто унаа алуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасынын жоктугуна байланыштуу авто унаа алууга макулдук берилсин.
2. Жылалды айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасынын жоктугуна байланыштуу, авто унаа алууга айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинен 649,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Акназаров |