Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-январы №6
Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Жылалды айылына ичүүчү таза суу чыгаруу максатында таза суу кампасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) кезексиз XVIII - сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн имаратына караштуу жалпы аянтынын ичинен , Жылалды айылына ичүүчү таза суу кампасын куруу үчүн 0.005м 2 жер тилкесин бөлүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн имаратына караштуу жалпы аянтынын ичинен Жылалды айылына ичүүчү таза суу кампасын куруу үчүн 0.005м 2 жер тилкесин бөлүп берүү үчүн макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Акназаров |