Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-августу № 92
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 айындагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 айындагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларында карап, алардын берген сунуштарын жана маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХХIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 айындагы бюджетинин жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн такталган планы 110,2 % же 624,3 мин сомго ашыкча аткарылгандыгы, анын ичинен атайын каражаттары 240,1 мин сомго көп жыйналгандыгы белгиленсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган бюджетинин киреше бөлүгү 12997,3 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 7750,2 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн акча каражаттарына сметалар түзүлсүн.
4. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөт тарабынан сунушталган өзгөртүүлөр жана тактоолор (бир бөлүм ичинде жана бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө жылдыруулар) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин ,зарыл убакта өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин тармактык комиссиясы менен макулдашуу аркалуу аткарууга алынары эске алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,финансы салык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Пасаңов.Э.Ж жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Абдуллаевке милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары А.Кайкыев