Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-августу № 93
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинде 6 айда каралган жумуштарды аткаргандан кийин ашкан суммаларды жана кээ бир разделдерден жылдыруучу акча каражаттарын кайрадан бөлүштүрүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Э.Пасаңовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдагы сметасына өзгөртүү киргизүү жана акча каражаттарын туура пайдалануу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдагы сметасынын чыгашалар бөлүгүнө төмөндөгүчө өзгөртүүлөр киргизүүгө макулдук берилсин.
раздел | глава | параграф | статья | Өзгөргөн сумма | IIIкв
| |
+ | - | |||||
ЖКХ | 92320 | 70629 | 2221 |
| 1855,7 | -1855,7 |
аппарат | 92310 | 70111 | 2221 | 505,7 |
| 505,7 |
ЖКХ | 92320 | 70629 | 2222 | 1500,0 |
| 1500,0 |
А/чарба | 92320 | 70421 | 3111 |
| 400,0 | -400,0 |
А/чарба | 92320 | 70421 | 2215 | 200,0 |
| 200,0 |
А/чарба | 92320 | 70421 | 2221 | 88,0 |
| 88,0 |
С-школ | 92320 | 70921 | 2224 |
| 138,0 | -138,0 |
ЖКХ | 92320 | 70629 | 2221 | 100,0 |
| 100,0 |
|
|
|
|
|
|
|
жыйын-тыгы |
|
|
| 2393,7 | 2397,7 | 0,00 |
2. Жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттар сметасына 102,2 миң сом кошумча киргизүүгө жана жергиликтүү салыктын киреше бөлүгүнөн 200,0 миң сом кыскартууга макулдук берилсин.
3. 2019-жылдын март – апрель айларында бала-бакчалардын тамак-ашына жетпей калган 189,0 миң сом акча каражатын тендерден уткан ишканага төлөп берилсин.
4. Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө кошумча түзүлгөн смета тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы салык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Пасаңов .Э. Ж жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А. Абдуллаевге милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары А.Кайкыев