Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-августу № 94
Айыл аймактын “Ынтымак” айылынын башкы планына киргизилген өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн калкынын турак-жай салуу үчүн жерге болгон муктаждыктарын чечүү үчүн Жаман-Адыр участкасынан 2017-2018-жылдар ичинде 201 атуулга жер тилкелери берилген. Бирок дагы эле 2250 адам турак – жай салуу үчүн жер тилкелерин алуу үчүн кезекте тургандыктан, кошумча жер ажыратуу боюнча айыл өкмөт башчысы Э.Ж.Пасаңовдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактын “Ынтымак” айылынын башкы планына өзгөртүү киргизилген жер аянттарынын генпланы бекитилсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча
туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары А. Кайкыев