Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-августу № 95
Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын катчысы Р.Абдуллаев жумуштан чыгып кеткендигине байланыштуу Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобонун 14 пунктуна ылайык жумуштан бошогон Р.Абдуллаев комиссия катчылыгынан бошотулсун.
2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын катчылыгына айыл өкмөттүн юристи Айбашов Азизбек Мажитович бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.Кайкыев