Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-сентябры№ 97
Кызыл-Сеңир айылынын көчөлөрүнүн бирине Касымов Казыбектин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХIV кезексиз сессиясы Кызыл-Сенир айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Касымов Казыбектин ысмы Кызыл-Сенир айылынын А.Мадымаров көчөсүнөн Тойгонбаев Жаркынбай атындагы көчөнүн № 24 үйүнө чейинки көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды , үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Касымов Казыбектин уул- кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл- Сеңир айылынын айыл башчысы А.Доороновко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мусаев |