Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-сентябры № 99
Алга айылынын көчөлөрүнүн бирине Миңбаев Газыбектин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХIV кезексиз сессиясы Алга айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миңбаев Газыбектин ысмы Алга айылындагы Сулайманов Раимдин үйүнөн Кочкоров Ороздун үйүнө чейинки көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды , үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Миңбаев Газыбектин уул-кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Алга айылынын айыл башчысы А.Айбашовко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мусаев |