Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-сентябры № 101
Кызыл-Сеңир айылынын көчөлөрүнүн бирине Кадыров Эркиндин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХIV кезексиз сессиясы Кызыл-Сенир айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадыров Эркиндин ысмы Кызыл-Сенир айылынын А.Мадымаров көчөсүнөн (эски контора) Ж.Тойгонбаев көчөсүнө чейинки көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды, үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Кадыров Эркиндин уул-кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Сенир айылынын айыл башчысы А.Доороновко милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мусаев |