Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-сентябры № 103
“Элдик” техникалык сервисин түзүүгө макулдук берүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн элине техникалык кызмат көрсөтүү багытында түзүлүп жаткан “Элдик” атындагы техникалык сервисти уюштуруу тобунун жыйынынын токтомун жана ишкананын Жобосун бекитип берүү жөнүндө А.Шадмановдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Элдик” техникалык сервисин уюштурууга макулдук берилсин.
2. “Элдик” техникалык сервисинин Жобосун иштеп чыгуу, штаттык бирдигин бекитүү , жетекчиси А . Шадмановко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мусаев |