Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-сентябры № 104
Куршаб (лесхоз) айылынан ФАП курууга жер ажыратууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл аймактын Куршаб (лесхоз) айылынын элинин суроо –талабын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жер” кодексинин 13-беренесине таянып , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңештин VI чакырылыш ХХIV кезексиз сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб (лесхоз) айылындагы айыл чарба авиациясынын ээлеген жер тилкесинен ФАП курууга жер участкасын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мусаев |