Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-сентябры № 106
Гузар айылынан таза суу кампасын курууга жер ажыратууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл аймактын Гузар, Эски Покровка жана Алга айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине таянып , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык кенештин VI чакырылыш ХХIV кезексиз сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гузар айылындагы А.Толонов атындагы орто мектептин ээлеген жер тилкесинен таза суу кампасын курууга жер участкасын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мусаев |