Редакцияот 12.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХV кезектеги сессиясы

 

2019-жылдын 12-ноябры № 107

Айыл аймактагы таза суу системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин балансасынан айыл өкмөттүн балансасына өткөрүп алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 02-февралындагы “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансасынан айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу тууралуу № 59 –токтомун аткарууга алуу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 4-5 –пунктуна,4 –бөлүмүнүн 31-беренесинин 14- пунктуна жана 6-бөлүмдүн 47-беренесинин 5 –пунктуна ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХV кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 02-февралындагы “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансасынан айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу ”тууралуу № 59 –токтомунун негизинде айыл аймактагы бардык таза суу системалары айыл өкмөттүн балансасына өткөрүлүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Э.Ж.Пасановко жана ИСКАКБ лардын жетекчилерине ( Танаев.Э , Урустамов.Д жана Караев.К ) жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Кайкыевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Мусаев