Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 107/1
“Кызыл-Октябрь Таза суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Таза суу муниципалдык ишканасын түзүү боюнча демилгелүү топтун жыйын протоколдорун, сунуштарын талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 11– беренесине ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХV кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөттүн алдындагы “Кызыл-Октябрь таза суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Муниципалдык ишкананын аталышы ;
Мамлекеттик тилде – “Кызыл-Октябрь таза суу” муниципалдык ишканасы;
Расмий тилде – муниципальное предприятие “Кызыл-Октябрь таза суу”деп белгиленсин..
3. “Кызыл-Октябрь таза суу” муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.
4. “Кызыл-Октябрь таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
5. “Кызыл-Октябрь таза суу” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 11– беренесине ылайык каттоодон өткөрүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ , аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Ж.Пасаңовко тапшырылсын
Төрага | К.Мусаев |