Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 109
Ынтымак айылынын көчөлөрүнүн бирине “Ынтымак” ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХV кезектеги сессиясы айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ынтымак айылынын борбордук көчөсүнө ( Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен Кароол айыл өкмөтүнүн чек арасындагы) “Ынтымак” ысмы ыйгарылсын.
2.Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды , үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К.Мусаев |