Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры № 110
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджети жана 2021-2022-жылдардагы жергиликтүү бюджеттеринин болжолу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2021-2022-жылдардагы жергиликтүү бюджеттеринин болжолу жөнүндөгү маселелерди, айылдык кеңештин бюджет, финансы жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштары менен берилген маалыматтарын угуп жана ар тараптан талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХVI кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 25968,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөттүн 2021-2022-жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү тиркемелерге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу өзгөртүлүшү мүмкүндүгү эске алынсын.
4. Айыл өкмөттүн 2021-2022-жылдардагы жергиликтүү бюджеттеринин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызматтар (электр энергия, катуу отун-көмүр) , тамак-аш, эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү жана байланыш чыгымдарын жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
5. Мыйзамда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү 2016-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзам менен бекитилген 2018-2020-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүүгө негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү гранттар биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергия, катуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушары эскертилсин.
7. Кыргыз Республикасынын “ Бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын 21- беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 2020-жылга 205,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 % Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
9. Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттарды тиешелүү бюджеттерге кайра алынаары эске алынсын.
10. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү ( бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо) өзгөртүүлөр жана тактоолору ( бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө жылдыруулар болгондо) айылдык кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынышы, зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр айылдык кеңештин тармактык туруктуу комиссиясы менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын. Айланма кассалык калдык айыл өкмөттүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары 2020-жылдын 01-январына карата 170,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана ага кошумча сметалар түзүлсүн.
11. Жайыт комитетинен түшүүчү салык көлөмү 210,0 миң сом экендиги белгиленсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Э. Пасаңовко жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А. Абдуллаевге тапшырылсын.
Төрага | К.Мусаев |