Редакцияот 28.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХVI кезектеги сессиясы

 

2019-жылдын 28-декабры № 112

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен келишим түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдына башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20 –беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдына башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык айыл өкмөт башчысынын орун басары Талантбек уулу Русландын сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХVI кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кызыл-Октябрь айыл аймагында аткаруу милдети айыл өкмөттүн жооптуу катчысы К.Сопуевке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.Ж.Пасаңовко милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Мусаев