Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 3
Ынтымак айылдык кенешинин (6-чакырылышы) 26-сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) 26-сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан трансформаторлорду тиешелүү жерлери менен бирге (ар бир трансформатордун орду 12м. кв жалпы 252м. кв) ААК Ош электронун филиалы Кызыл-Кия РЭТине жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жагы жактырылсын.
2. Ынтымак айыл аймактарына сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Арык-бою айылына 1км 0.4 квт аба-чубалгысын, А. Абдималик көчөсүнө 0.5км 0.4 квт аба чубалгысын (ар бир столбанын орду 4м.кв жалпы 0,60га) ААК Ош электронун филиалы Кызыл-Кия РЭТине жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жагы жактырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Абдикулов |