Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн, 2019-жылдын 30-декабрындагы, Ынтымак айылдык Кенешинин төрагасына жолдогон № 01-12/685 сандуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн, 2019-жылдын 30-декабрындагы, Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасына жолдогон № 01-12/685 сандуу катындагы маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 31- беренесинин 1-пунктуна ылайык Ынтымак айылдык Кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын пайдаланууда, каржы экономикалык бөлүмүнүн адистери тарабынан максатсыз чыгымдарга жол берилгендиги белгиленсин жана кемчиликтерди жоюу боюнча айыл өкмөтүнүн башчылыгы тарабынан иш-чаралар көрүлсүн.
3. Сапарнамалык чыгымдарды төлөө, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Сапарнамалылык чыгымдардын өлчөмун белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүү айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы айылдык Кенештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдикулов |