Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 6
Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин өздүк тамаркасынан жер ээсинин макулдугу менен 0,08 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу тууралуу
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин өздүк тамаркасынан жер ээсинин макулдугу менен 0,08 га жер аянтын муниципалдык менчикке ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин өздүк тамаркасынан жер ээсинин макулдугу менен 0,08 га жер аянты муниципалдык менчикке ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Арык-Бою айылына жаныдан мечит куруу үчүн Маматкулов Абдисаламдин 0,08 га муниципалдык менчикке өткөрүп берген жер аянтынын багыты өзгөртүлүп берилсин.
3. Аталган Маматкулов Абдисаламдын муниципалдык менчикке өткөрүп берген жер аянтынын багытын өзгөртүү үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан суралсын.
4. Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык Кенешинин жер, суу электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Абдикулов |