Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 09-марты №1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сары-Талаа” бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги ”Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башкалардын жерлери” категориясындагы 60га жер аянтынан “Стандарт Цемент” ЖЧКсы цемент завод куруу үчүн берген арызынын негизинде 20га жер аянтын убактылуу пайдаланууга ижарага берүү жөнүндө
Ынтымак айылдык Кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги 29-сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сары-Талаа” бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги ”Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башкалардын жерлери” категориясындагы 60га жер аянтынан “Стандарт Цемент” ЖЧКсына арызынын негизинде 20га жер аянтына цемент завод куруу үчүн 06.03.2020-жылдагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер коммиссиясынын №6 протоколун, 06.03.2020-жылдагы Ынтымак айыл аймагынын элдик жыйындын жана 07.03.2020-жылдагы Беш-Буркан айылынын элдик жыйынынын протоколдорун кароо жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 – чакырылышы) кезектеги ХXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сары-Талаа” бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги ”Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башкалардын жерлери” категориясындагы 60га жер аянтынан “Стандарт Цемент” ЖЧКсына арыздын негизинде 20га жер аянтын ижарага берүү жагы канааттандырылсын.
2. Ынтымак айыл аймагындагы Сары талаа бөлүмүнөн “Стандарт Цемент” ЖЧКсына муниципалдык менчиктеги 60га жер аянтынан 20 га жер аянтын цемент завод куруу үчүн убактылуу пайдаланууга 49 жылга ижарага ажыратылып берилсин.
3. “Стандарт Цемент” ЖЧКсына ажыратылып берилген жер аянтына цемент завод куруу үчүн электр тармактарын, темир жолун ж.б.у.с. объектилерди цемент заводуна каттоочу жолдорун 2020-жылдын 10-мартынан тартып 2023-жылдын 10-мартына чейинки убактар ичинде курууну жана ажыратылып берилген жер аянттарын максатка ылайык пайдаланууну, элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен экологияга зыян келтирбестен жер салыктарын айыл чарба жоготуулары боюнча салыктарын жана ижараны өз убагында төлөп, социалдык пакетин жана социалдык объектилерге колдоо көрсөтүүнү “Стандарт Цемент” ЖЧК сынын башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. “Стандарт Цемент” ЖЧКсы цемент завод куруу үчүн убактылуу пайдаланууга 49 жылдык мөөнөткө ижарага ажыратылып берилген Сары талаа бөлүмүндөгү 20га жер аянтына 3 (үч) жылдык мөөнөт ичинде курулуш иштери толук кандуу курулбаса аталган жер аянты Ынтымак айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылып алынсын.
5. Ынтымак айыл өкмөтүнүн социалдык-маданий объектилерин өнүктүрүү материалдык-техникалык базасын чындоо жана инфракструктураны жакшыртуу боюнча “Стандарт Цемент” ЖЧКсы менен ар бир жыл сайын келишим жана мемарандум түзүү жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
6. Ажыратылган 20га жер аянтына тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан суралсын.
7. Ажыратылган 20га жер аянтына тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулуш жана архитектура ишканасынан суралсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык Кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу коммиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Абдикулов |