Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-марты № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105 токтомун жетекчиликке алуу менен Ынтымак айыл өкмөтү жер аянтын убактылуу бөлуп берүү жөнүндө
Ынтымак айылдык Кенешинин сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105 токтомун жетекчиликке алып Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 – чакырылышы) кезектеги ХXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105-токтому аткарууга алынсын.
2. Ынтымак айыл аймагында жайгашкан “CASA-1000” долбоорунда “Датка” подстанциясында 500кв уячасы болгон “Датка-Сугд” 500кв электр берүүчү аба линиясынын 1 даана зым тирөөчүн орнотуу үчүн 400 чарчы метр жайыт жери “Кыргызтандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте акысыз 49-жылга мөөнөттүү пайдаланууга бекитилип берилсин.
3. “Кыргызтандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомуна берилген 1 даана зым тирөөчүн орнотуу үчүн 400 чарчы метр жайыт жери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, энергетиканын коргонуунун жана башка тармактардын жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
4. “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, энергетиканын коргонуунун жана башка тармактардын жерлери” категориясына которула турган жер аянтына айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу боюнча эсептөөлөр жүргүзүлсүн.
5. “Кыргызтандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомуна берилген 1 даана зым тирөөчүн орнотуу үчүн 400 чарчы метр жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
6. “Кыргызтандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомуна берилген 1 даана зым тирөөчүн орнотуу үчүн 400 чарчы метр жер аянтына болгон укугун каттап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан суралсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык Кенешинин “Жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Абдикулов |