Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-июлу №3
Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдагы “Өзгөчө абал” карантин мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык жардамдар жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдагы “Өзгөчө абал” карантин мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык жардамдар жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 – чакырылышы) кезектеги ХXX – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдагы “Өзгөчө абал” карантин мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык жардамдар жөнүндөгү Ынтымак айыл өкмөтүнүн соц. кызматкери Салиева Махбурат Исамидиновнанын отчету жактырылсын.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн соц. кызматкери Салиева Махбурат Исамидиновнанын “Өзгөчө абал” карантин мезгилинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүп, таркатууда кетирген кемчиликтер эске алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы социалдык саясат ( билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Абдикулов |