Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 23/ 1
“Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын (МИ) 2019-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы, 2020-жылга карата бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана штаттык бирдиктерин, эмгек акыларын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, “Кара-Кулжа –Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору Абдилкадыр уулу Биймырзанын маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Кулжа –Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 3.630.000 сомго жана чыгаша бөлүгү 3.630.000 сомго бекитилсин.
3. “Кара-Кулжа –Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын (МИ) штаттык бирдиги, эмгек акыларынын өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин :-
1. “Кара-Кулжа –Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору 1-штат, эмгек акысынын өлчөмү 13.000 сом
2. “Кара-Кулжа –Таза-Суу” М.И. бухгалтери, 1-штат, эмгек акысынын өлчөмү 11.000 сом
3. Контролер - 4 (төрт) штат, эмгек акысынын өлчөмү ар айга 9.000 сом
4. Кароол водозабор - 2 (эки) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 6.000 сомдон,
5.Кароол водозабор Ичке-Суу - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 4.000 сом,
6.Кароол водозабор 1-Май - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 3.500 сом,
7.Кароол скважина Биймырза - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 2.000 сом,
8.Кароол скважина Автобаза - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 2.000 сом,
9. Сантехник - 3 (үч) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 9.000 сомдон.
10. Ширетүүчү -1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 10.500 сомдон.
11. Эксковатор айдоочулар - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 9.000 сом
12. Электрик -1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 5.000 сомдон.
4. Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткаруу жагы “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын директору Абдилкадыр уулу Биймырзага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жана айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |