Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 23/ 2
“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) 2020-жылга карата бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана штаттык бирдиктерин, эмгек акыларын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Б.Караевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 4.094.000 сом жана 2019-жылга калдык 243.333 сом жалпысынан 4.337.333 сомго жана чыгаша бөлүгү 4.337.333 сомго бекитилсин.
2. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) штаттык бирдиги, эмгек акыларынын өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин :-
1.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору 1-штат, эмгек акысынын өлчөмү 13.000 сом
2.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын инженер-механиги, 1-штат, эмгек акысынын өлчөмү 11.000 сом
3.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) бухгалтери, 1-штат, эмгек акысынын өлчөмү 11.000 сом.
4. Контролер - 4 (төрт) штат, эмгек акысынын өлчөмү ар бирине айына 10.000 сом
5. Авто-унаа айдоочулар - 1 (бир) штат сүрүүчү эмгек акысынын өлчөмү 7.000 сом
6. Авто-унаа айдоочулар - 2 (эки) штат айдоочу, тракторист, эмгек акысынын өлчөмдөрү 7.000 сомдон
7. Жумушчу - 4 (төрт) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү ар бирине айына 7.000 сомдон
8. Күзөтчү полигон - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 5.400 сомдон
9. Күзөтчү эс алуу багы - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 4.800 сомдон
10. Көчө тазалоочу- 2 (эки) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү ар бирине айына 3.000 сом
11.Бөлмө жыйноочу (тех.персонал) –1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 3.000 сом
12. Электрик -1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 7.600 сом
13. Күзөтчү стадион - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 3.600 сом
3. Погрузчик (сүрүүчү) техникасы, Камаз автоунаасы “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансасына өткөрүлүп берилсин.
4. “Жергене” таштанды төгүүчү полигонго өтүүчү күзөттө (пост) калктан турмуш тиричиликтен чыккан таштанды үчүн келишими бар жана жыйым төлөгөн портер маркасындагы автоунаадан жана женил автоунаалардан жыйым кармалбасын, эгерде курулуш таштандылары же коммерциялык ишканалар багытында таштандылар болсо жыйым төлөнөт.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жана айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |