Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 23/ 3
Беш-Жар ички чарбалык каналынын 5200 метр аралыгын каздырып тазалоого жана “Жолболот” ички чарбалык жолду ондоого айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 16 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү главасынын № 78 “Жергиликтүү кенештеринин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2,3,4-бөлүкчөлөрүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 20.06.2020-жылдагы № 3 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Кулжа айыл окмотунун 2020-жыл бюджетинин киреше бөлүгүнө Кара-Кулжа айылындагы Бекен уулу Рыспай көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчиктеги мүлктү сатуудан түшкөн 619.000 (алты жүз он тогуз мин) сом толуктоолор киргизилсин.
2. Беш-Жар ички чарбалык каналынын 5200 метр аралыгын каздырып тазалоого, муниципалдык менчиктеги мүлктү сатуудан түшкөн акча каражатынан 400.000 сом жана “Жолболот” ички чарбалык жолду ондоого 200.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жана айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |