Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 23/ 5
“Сары-Камыш” жана “Бел” ички каналынын 2019-жылы ондо-түзөө жумуштары сапатсыз бүткөрүлгөндүгүнүн негизинде 2020-жылы март айында агын-суу жеп жер көчкүү түшуп жараксыз абалга келгендиги жөнүндө
“Сары-Камыш” жана “Бел” ички чарбалык каналынын 2019-жылы ондо-түзөө жумуштары сапатсыз бүткөрүлгөндүгүнүн негизинде 2020-жылы март айында агын-суу жеп жер көчкүү түшуп жараксыз абалга келгендиги жөнүндө айылдык кеңешинин төраганын орун басары А.Камчыбековдун маалымат угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Сары-Камыш” жана “Бел” ички чарбалык каналынын 2019-жылы ондо-түзөө жумуштары сапатсыз бүткөрүлгөндүгү белгиленсин.
2. Кара –Кулжа айылдык кенешинин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен жана Сары-Камыш айылынын тургундарынын катышуусунда айыл өкмөтүнүн буйругу менен текшерүү комиссиясын түзүү жана жергиликтүү бюджеттен сарпталган акча каражаттарынын максатсыз жумшалгандыгы жөнүндө жеринде АКТ түздүрүп кийинки сессияга сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3. “Сары-Камыш” жана “Бел” ички чарбалык каналын 10 (он) күн убакытта ондоо-түзөө жумуштарын бүткөрүп, айыл тургундарга жана дыйкандарга үзгүлтүксүз агын-суу менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |