Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 23/ 6
Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылдарында жаз айында 2020-жылы келген жакыр үй-бүлөөлөргө гуманитардык жардамдын таркатылышы жөнүндө
Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылдарында короновирус инфекциясынын калк арасында массалык ооруга жол бербөө максатында түзүлгөн карантиндик абалга байланыштуу жаз айында 2020-жылы келген жакыр үй-бүлөөлөргө гуманитардык жардамдын таркатылышы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси А.Мойдунованын маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылдарында короновирус инфекциясынын калк арасында массалык ооруга жол бербөө максатында түзүлгөн карантиндик абалга байланыштуу жаз айында 2020-жылы айыл өкмөтүнүн калктын аярлуу катмарына “Шарип-Ата” фондусунан 1086 кап ун, 5430 литр май Токтомушов Максатбек муфтийинен 100 кап ун, жеке ишкер Жусуп Атамбаев тарабынан 130 кап ун, жеке ишкер Ы.Молдалиев тарабынан 20 кап ун, Өзбекстан Республикасынан 133 кап ун, Мамлекеттик резервдик фондусунан 597 кап ун даректүү таркатылышын жана жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражаттарынын максаттуу иштетилиши текшерүү боюнча төмөндөгү депутаттык курам бектилсин:-
1.Б.Саипов –айылдык кенештин төрагасы;
2.А.Камчыбеков –айылдык кенештин төрагасынын орун басары;
3.Аким уулу Асан –айылдык кенештин депутаты.
4.А.Абазов –айылдык кенештин депутаты.
5.Т.Жаанбаев –айылдык кенештин депутаты.
6.У.Байгожоев –айылдык кенештин депутаты.
2. Гуманитардык жардамга муктаж мүмкүнчүлүгү чектелген майыптар, жалгыз бойлор, көп балалуу үй-бүлөлүүлөр жана турмуш –шарты оор тургундардын тизмесин түзүүдө айыл окмотунун социалдык иштер боюнча башкы адиси А.Мойдунованын жана айыл башчылар Э.Алиевдин, М.Өмурзаковдун, Т.Эргешовдун жана С.Кудайбердиевдин жоопкерчиликтерин жеринде кароо жана гумнитардык жардамды таркатууга жергиликтүү бюджеттен сарпталган акча каражаттарынын чыгымдарынын максаттуу иштетилишин текшерүү жагы депутаттык текшерүү курамга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Б.Саипов |