Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 23 / 7
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарда сатып алуулар боюнча депутаттык текшерүү комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарда сатып алуулар боюнча сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун депутаты У.Байгожоевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Кулжа айылдык кенештин депутаттарынан суроо-талабы аткарууга алынсын.
2. Кара-Кулжа айыл окмотундо 2018-жылдагы курулуш иштеринин, анын ичинен 1-Май айылындагы спорт зал курулушунун, “Сейил” бала бакчасынын курулушунун жана 2019-жылдагы Кара-Кулжа айылындагы А.Максутов көчөсүнө артезиан кудугунун кабыл алуу АКТ сын, 2018-жылдагы жаз айында жашылдандыруу иштеринде Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза айылында эгилген моржевейник көчөттөрүнүн айыл-айылдар боюнча санын тактап аткарылган иштер боюнча акча каражаттынын жумшалышы АКТсын, 2019-жылдагы айыл окмотунун имаратынын капиталдык ондоодон откорулгон аткарылган иштер боюнча акча каражаттынын жумшалышы жана кабыл алуу АКТсын, “Сейил” эс алуу багынын курулушунун акча каражаттынын жумшалышы жана кабыл алуу АКТсын, Кара-Кулжа айылында орнотулган жол-чырактарынын орнотулушу акча каражаттынын жумшалышы жана кабыл алуу АКТсын, “Жергене” таштанды төгүүчү жайда аткарылган иштеринин акча каражаттынын жумшалышы жана кабыл алуу АКТсын айылдык кенештин депутаттарынын катышуусунда депутаттык текшерүү комиссиянын курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:-
1. Алты мандаттуу Биймырза шайлоо округунун депутаты А.Абазов;
2. Он мандаттуу Совет шайлоо округунун депутаты А.Таиров;
3. Сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун депутаты У.Байгожоев;
4. Айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбеков;
5. Жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун депутаты Аким уулу Асан;
6. Сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун депутаты Т.Эргешбаев;
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарда сатып алуулар боюнча документтерин даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Турдубай уулу Тилекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |