Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 23/ 8
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн кырдаалга жараша өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 20.06.2020-жылдагы № 3 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл бюджетинен генералдык планга бөлүнгөн акча каражатынан төмөндөгү иштерге акча каражаты бөлүнүп берилсин:-
-Э.Осмонов атындагы орто мектебинин сыртын краскалоого 400. 000 сом,
-жолбун ит-мышык аттырууга 79.000 сом,
-акылдуу эсептегич сатып алууга 7-мектепке, 7-бала бакчага 100.000 сом,
-“Мээрим” атындагы бала бакчанын алдына тапан таш бастырууга 200.000 сом,
-А.Юсупов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын ондоого 110. 000 сом,
-Кара-Кулжа токой чарбасына 65.000 сом, Алайкуу токой чарбасына 15.000 сом карызын төлөөгө
-“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасына гараж салууга 200.000 сом
-“Шайыр-апалар” фальклордук тобуна бөлүнгөн 60.000 сом 1-Май айылындагы маданыят бөлүмүнүн ПСДна бөлүнүп берилсин;
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл бюджетиндеги төмөндөгү иштерге акча каражаты бир статьядан экинчи статьяга которулсун:-
-Сары-Камыш айылына Нооруз майрамына бөлүнгөн 50.000 сом айыл ичиндеги көчөлөрдү түнкү жарыктандыруу статьясына;
-Биймырза айылына Нооруз майрамына бөлүнгөн 50.000 сом, ген. планга каралган 31.000 сом жана муниципалдык менчиктеги мүлктү сатуудан түшкөн акча каражатынан 19.000 сом жалпысынан 100.000 сом акча каражаты Биймырза айылындагы көчөлөрдү жана Сары-Таш учаскасындагы жолду ондоо статьясына;
-Муниципалдык менчиктеги 1-Май айылында жайгашкан “Сейил” балдар бакчасынын жылытуу системасын ондоого иштерине каралган 100.000 сом акча каражаты, “Сейил” балдар бакчасынын заманбап пластик эшик жана рамкаларына алмаштыруу статьясына которулсун;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |