КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык Кеңешинин кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 25-июну № 23/ 9
Муниципалдык менчиктеги С.Көкөев атындагы балдар бакчасында жайгашкан артезиан кудугунун иштетилишин тескөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык, муниципалдык менчиктеги С.Көкөев атындагы балдар бакчасында жайгашкан артезиан кудугу ээлеген 300 м.кв. жер аянтын, 10 тонн. көлөм (цестирна), 40 м труба, 80 м. угольниги менен “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын директору Абдилкадыр уулу Биймырзанын билдирүү угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги “С.Көкөев” атындагы балдар бакчасында жайгашкан артезиан кудугунан таза-суу пайдаланчуулар абонент катары “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасына жыйым төгүлөөрү белгиленсин.
2. Кара-Кулжа райондук аймактык оорукана тарабынан таза-суу акы кызматы алынбасын.
3. Райондук аймактык ооруканага артезиан кудугун үзгүлтүксүз иштетип 24-00 саат таза-суу менен камсыздоо боюнча эки тараптан келишим түзүү жагы “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
4. Эгерде ондоо иштерин аймактык оорукана бүткөрсө, кеткен чыгымды “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасы бир жума ичинде акча каражатын которуп берүүнү камсыздасын.
5. “С.Көкөев” атындагы балдар бакчасында жайгашкан артезиан кудугун иштнтүүдө бала бакчада тарбияланган балдардын коопсуздугун сактоо жагы “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жана айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |