Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25–июну № 23 / 10
Айылдык кенештин сессиянын жыйындарына жана туруктуу комиссиянын отурумдарына толук катышпаган айылдык кенештин депутаттарынын этикасын кароо жөнүндө
Сессиянын жыйындарына жана туруктуу комиссиянын отурумдарына айылдык кеңештин депутаттары толук катышпагандыгы жана сессия убагында толук катышпай кетип калган айылдык кенешинин депутаттарынын этикасын кароо жөнүндөгү алты мандаттуу Биймырза шайлоо округунун депутаты М.Абдыкадыров маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык кенештин сессиянын жыйындарына жана туруктуу комиссиянын отурумдарына толук катышпаган айылдык кенештин депутаттарынын этикасын кароо жагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын (М.Шарипов) отурумунда каралсын.
2. Айылдык кенештин депутаттарынын этикасын кароо жагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун протоколдук чечими кийинки сессияга сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |