Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-июну № 23 / 11
Турмуш-шарты оор айыл тургундары У.Эрмекбаевага жана Т.Жусуповго кезексиз турак үй курууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча документация иштерин даярдоону айыл өкмөтүнө милдеттендирүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл тургундары У.Эрмекбаевага жана Т.Жусуповго кезексиз турак үй курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси А.Мойдунованын маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Турмуш-шарты оор айыл тургундары У.Эрмекбаевага жана Т.Жусуповго кезексиз турак үй курууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча жерди тактап, схемасын жана картасын даярдап айыл өкмөтүндө карап сессияга кайра сунуштап, жерди бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |