Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25–июну № 23/12
Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 20.06.2020-жылдагы № 3 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнө калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызмат көрсөтүүдөн жыйналган жыйым 1.800.000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты толуктоолор киргизилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнө калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызмат көрсөтүүдөн жыйналган жыйым 1.800.000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты бекитилсин жана субцидия катары “Кара-Кулжа Тазалык “ муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |