Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 25-3
Өзгөчө кырдалга карата токтотулган ишканалардын ижара акысын жылдыруу тууралуу
Кеңеш айыл аймагындагы иштеп жаткан 2 мончо жана муниципалдык менчиктеги кичи футбол аянтчасы өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөчө кырдаалга карата иштебей токтоп тургандыгына байланыштуу беш айга ижара акысы түшпөй калгандыгын б.а.патент салыгынан 13,0 м.с. ижара акыдан 33,0 м.с. жалпысы 46,0 м.с. бюджет жоготууга учурагандыгын эске алып КыргызРеспубликасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун 2-пункчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 78- жана 115-беренесине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагындагы иштеп жаткан 2 мончо жана муниципалдык менчиктеги кичи футбол аянтчасы өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөчө кырдаалга карата иштебей токтоп тургандыгына байланыштуу беш айга ижара акысы жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |