Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 25-4
Жайыт комитетине келген техниканын ижара акысын бекитип берүү тууралуу
Жайыт комитетинин төрагасы Н.Карыбековдун жайыт комитетине келген техниканын ижара акысын бекитип берүү тууралуу өтүнүчүн угуп жана талкуулап КыргызРеспубликасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-Мыйзамынын 31-статьясынын 4- пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине келген техниканын ижара акысы айына 7000 (жети миң)сомго, сегиз айга 56.000 (элүү алты миң) сом болуп бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин төрагасы Н.Карыбековго ижарачы менен келишимди түзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровко тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |